Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Оппозиция Жалал-Абаддагы митингге өлкө жетекчилигин чакырды


10-апрелде Жалал-Абадда оппозициянын тынч митинги өтөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында Кыргызстандагы оппозициянын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев бул митингге катышууга президентти, парламент жана өкмөт башчыларын да чакырды. Акциянын негизги талаптарын ошол жерден эл өзү айтаарын билдирди. Өкмөттүн иши начар болуп жаткандыктан кетүүсүн талап кылды. Ташиевдин айтымында, ал премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен коомдук жайларда жолуккан, бирок расмий жолугуп сүйлөшө элек.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов буга чейин айрым маалымат булактарына Камчыбек Ташиев менен, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен жолукканын айткан болчу. Өкмөттүн кетүүсүнө кандай негиз бар экенин так айтууну, балким, бийликтен беш киши, оппозициядан беш киши отуруп сүйлөшүү өтөөрүн, оппозиция душман эмес экенин, маселени тирешүү эмес, сүйлөшүү жолу менен чечиш керектигин билдирген.

Марттын башында оппозиция Ош шаарында митинг өткөрүп, “Кыргызстанда жаңы кесипкөй өкмөт түзүлcүн”, “Апрел жана июн окуяларынын күнөөкөрлөрү жазалансын”, “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген бир катар талаптар айтылган. Ал митингге, милициянын маалыматы боюнча, 15 миндей адам катышкан

31-мартта оппозициянын митинги Баткенде өткөн. Ага бир миңдей киши катышканы айтылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG