Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Ош облусу кыргызстандыктарды той-аш чыгымын кыскартууга үндөдү


Бүгүн Ош облустук мамлекеттик администрациясында жыйын өтүп, анда Кыргызстан элин той-аштарга кеткен чыгымдарды кыскартууга үндөгөн кайрылуу кабыл алынды. Ош элинин атынан жазылган бул кайрылуу парламентке жана өкмөткө тиешелүү чара көрүү үчүн жиберилди. Демилгени ишке ашыруу үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алынышы керектиги айтылды.

Облус губернатору Сооронбай Жээнбековдун айтымында, өткөн жылы Ош облусунда 13 985 аш-той өткөрүлүп, ага кеткен чыгым төрт миллиард сомдон ашты. Той-аштарга кеткен ыксыз чыгымдарды токтотуу боюнча мыйзам долбоору парламентте 2010-жылы талкуулана баштаганы, бирок ошо бойдон токтоп калганы айтылды. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG