Кугак учук оорусу бар кесилген жарандар үчүн өзүнчө абак ачылмай болууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары Калмурат Байтөлөев билдирди. Анын айтымында, мындай абак №31 колонияда ачылат. Ал жерде азыр деле кургак учук оорулуулар, баңгилер кармалууда. Кургак учукка чалдыккандар үч түрмөдө бар. №27 абакта 750 киши, №31 абакта 1077 жана №3 абакта 1628 киши. Алардын баарын эми №31 абакта чогуу кармамай болуп жатышат. (RK)