Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Абдышүкүр ажы: Кыз ала качуу исламда уурулук деп эсептелет


Ислам дининде кыз ала качуу кадимки уурулук менен барабар терс көрүнүш, кылмыш катары каралат. Бул тууралуу "Айкын багыт" фондунун сурамжылоосуна катышкан Бишкектеги Ислам университетинин ректору, Абдышүкүр ажы Нарматов билдирди.

"Макулдугу жок нике жараксыз деп эсептелет, минтип турмуш куруу - чоң күнөө", - дейт ажы.

Ал эми ала качып келген кызды отургузуп алып нике кыйган молдолор тууралуу суроого жооп берип Абдышүкүр ажы адатта молдону келин отуруп калгандан кийин чакырышаарын, эгер келин болуп калгысы келбеген жерге кызын калтырып кетишсе, ал ата-эненин күнөөсү экенин айтты.

"Айкын багыт" фонду кыз ала качуунун курмандыгы болгон кыз-келиндердин укугун коргоо, бул көрүнүштү жоготуу багытында иш алып барат. Кечээ аталган фонд бул тууралуу социалдык видеороликтерди интернеттеги сайтына жайгаштырды. (RK)

XS
SM
MD
LG