Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Кыргызстан-Орусия кызматташуунун жаңы багытын издөөдө


Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алууда. Бишкек, 5-апрель, 2012.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алууда. Бишкек, 5-апрель, 2012.

5-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекте Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар 20 жылдык мамилеге баа берип, мындан аркы кызматташуу багыты туурасында сүйлөштү.

Бүгүн өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Бул жолугушуу көз карандысыз мамлекет катары кызматташунун 20 жылыгына туш келүүдө. Атамбаев дагы, Лавров дагы буга чейин айтылып келген эки өлкө стратегиялык өнөктөш экендигин дагы бир ирет кайталашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан жарандары бажы, чек ара кыйынчылыктарына туш болбошу керектигин, бул үчүн бирдиктүү экономикалык аймак түзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан соң Орусия тышкы иштер министри Кыргызстандагы кесиптеши Руслан Казакбаев менен жолугушуп, 20 жылдык мамилелерге баа берип, мындан аркы кызматташуунун багыты туурасында сүйлөштү.

Руслан Казакбаев сүйлөшүүдөн кийин тараптар саясий-экономикалык, аскерий, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, аймактагы коопсуздук жана кыргызстандык мигранттарды каттоо, жумушка уруксат алуу жана Орусиянын жарандыгын алууну жеңилдеттүү сөз болгонун билдирди.

Март айынын соңунда Кыргызстанга Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко башында турган делегация да келип кеткен. Орусиянын Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна катышуу үчүн мурдагыдай 50 эмес, 75 пайыз акциясын алуу талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылып, суроо ачык калган болчу.

Лавровдун сапарында ушул маселе да козголгонун Руслан Казакбаев мындайча белгиледи:

- Бул маселеде өзүнчө түшүнбөстүктөр жок. Кыргызстан өзүнүн мамлекетинин, элибиздин кызыкчылыгы үчүн сырттан инвестиция тартканга жана биздеги стратегиялык ири долбоорлордун иштеп кетишине муктаж. Гидроэнергетика, газ, кара май тармагына инвестиция салуу боюнча 2009-2010-жылдардагы келишимдердин так аткарылышын талап кылып, Орусиядан суранып атабыз. 15-апрелге чейин протоколго кол коёбуз. Кайсынысын аткара алабыз, кайсынысын аткара албайбыз, болгон келишимдерди дагы бир талдап чыгабыз. Эки тараптан тең жаңы сунуштар болсо аны карап чыккандан кийин бул маселеде жооп бергенге даяр болобуз.

Ошентип бул маселе дале болсо ачык калды.

Жолугушуудан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров эки өлкөнүн кызматташуусун утилитардык аспектте, башкача айтканда “сен мага, мен сага” деген негизде кароо туура эмес экенин белгиледи.

Ошону менен катар Орусиянын Канттагы аба базасы, Кыргызстандагы расмий орус тили туурасында буларды белгиледи.

- Кантта жайгашкан Орусиянын базасы бул - кимдир бирөөгө колко кылгандык эмес. Ал бул жерде эң биринчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун, Борбор Азия аймагынын коопсуздугу үчүн турат. Ал эч кандай жашыруун максатты көздөбөйт. Дагы бир жолу айтып койоюн, бул бир гана Орусиянын кызыкчылыгы үчүн турган жок. Ошондой эле орус тилин окуу, колдонуу Кыргызстандын жана анын жарандарынын кызыкчылыгы. Бул бир гана Орусияда эмес, башка Европа өлкөлөрүндө кызматка орношуу үчүн да керек болот.

Буга чейин Орусиянын айрым жогорку даражалуу адамдары Кыргызстанда орус тилине кысым болуп жатканын белгилешкени бар.

Орусиялык башкы дипломаттын сапары Кыргызстандын тышкы саясаты башка өлкөлөргө бурулган маалга туш келип отурат.

Ал ортодо коомдук ишмер жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев кыргыз-орус мамилелиринде карама-каршылыктар байкалганын белгилөөдө:

- Кийинки бир жылдан бери Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерде кызык, карама-каршылыктуу көрүнүштөр болуп атат. Орусия 2004-жылдан бери эле убада берип, биз менен канча жолу сүйлөшүлгөн долбоорлор, ГЭСтерди куруу, “Кыргызгаз”, “Дастандын” тегерегинде маселе чечилбей келатат. Бул бүгүн эле чыга калган жок, ар кандай жагдайга байланыштуу улам созулуп келатат. Эми алар талаптарын дагы күчөтүп атат. Айталы, “Дастандын” 48% алууга макул болушса, азыр 75% көтөрүп, ГЭСтерди да 75% болсун деп... Бул түздөн-түз биздин экономикалык, айрыкча энергетикалык коопсуздугубузга таасирин тийгизбей койбойт. Канчалык улуу держава болбосун кантсе да биз өзүбүздүн баркыбызды, ар-намысыбызды коргой билишибиз керек.

Өлкө башчысы Атамбаевдин өткөндө Орусияга болгон сапарында айтылган бир катар кескин билдирүүлөрүн, тең ата мамиледе болуу талаптарын серепчилер ар кандай баалап жатышат. Соңку кезде Москвада иштеген кыргызстандык жарандардын депортация болушунун себебин ушундан көргөндөр да бар.

Ал эми серепчи, миграция маселелери боюнча эксперт Жума Абдулла эки тараптуу кызматташуу солгундайт дегендерге кошулбайт. Анткен менен Орусия менен миграция маселесин жөнгө салып, шарт түзүү демилгелерин колдойт.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 млрд. долларга жакындаган жана анын басымдуу бөлүгү (1,1 млрд. доллары) Орусиядан экспорттолгон товарларга туура келет. Кийинки кезде кыргыз-орус алака-катышы солгундап, соода деңгээли жагынан үчүнчү катарга түшүп калды. Ошентсе да Орусияда жүздөгөн кыргыз мигранттары иштейт жана Кыргызстан күйүүчү, майлоочу май жагынан толугу менен Орусиядан көз каранды.

XS
SM
MD
LG