Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Сириядагы ок атышуу токтойт деп күтөт


Кофи Аннандын билдиргенине караганда, Сириянын өкмөтү жана оппозициясы аскерлер калк жашаган жерлерден чыгарылып кеткенден 48 сааттан кийин, же 12 апрелге карата ок атышууну токтотот деп күтөт.

Аннандын өкүлү Ахмад Фаузи бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында Сириянын өкмөтү 10-апрелде аскерлерди чыгарууну аяктоосу керектигин белгиледи:

- Биз 10-апрелде күтүп жаткан нерсе - Сириянын өкмөтү аскерий бөлүктөрүн эл жашаган борборлордон чыгарууну аяктоосу.

Дамаск аскерлерди чыгаруу башталды деп ырастоодо. Анткен менен Сириядан кыянатчылыктар уланып жатканы, өкмөттүк аскерлер кыштактан-кыштакка өтүп тазалоо операцияларын жүргүзүп жатканы боюнча маалыматтар түшүүдө. Ал борбор Дамасктын оппозиция үстөмдүк кылган чет жакасы бүгүн артиллериядан жана снайпердик куралдан ургалдуу аткыланып жатканы кабарланды. Бул козголоң башталгандан берки ири чабуулдардын бир катары сыпатталууда.

Улуттар уюму менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннандын тынчык планы Сирияда ок атышуу токтогондон кийин бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсүн карайт. (UE)

XS
SM
MD
LG