Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Титаниктин сыныктары ЮНЕСКО коргоосуна алынат


1912-жылдын 14-апрелинде бортундагы 1512 адам менен кыйраган Титаник кемесинин Антлантика океанынын түбүндө жүз жылдан бери жаткан сыныктары ушул айдан тарта ЮНЕСКОнун коргоосуна алынууда.

Ал сыныктар 1985-жылы табылгандан бери эч бир мамлекеттин коргоосунда болгон эмес. Бирок 2009-жылдан тарта Улуттар уюмунун суу алдындагы Табигый мурастарды коргоо конвенциясынын юрисдикциясына кирген.

Титаниктин кыйрашы тарыхта тынчтык мезгилде сууда болгон эң ири кырсык катары эсептелинет.

Бул кырсыктын жүз жылдыгы быйыл Британия менен АКШда маданий жана тарыхый иш-чаралар менен белгиленгени жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG