Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кара-Суудагы чагылгандын адамга залакасы тийген жок


Өткөн түнү Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу чагылган болду. Адам өмүрүнө залакасы тийген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында Кашкар-Кыштак айыл округунун Кайрагач айылында чагылган болгон. Айыл тургуну Турдубаев Асандын турак үйүнүн бир бөлмөсүнүн айнектери, телевизору жана идиш-аягы талкаланган.

Чагылган адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн адистери окуя болгон жерде тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG