Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Бишкек - Ош жолунда иске уулангандар аман калды


Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы 133-чакырымында дарыгерлер унаа түтүнүнөн чыккан иске ууланган төрт адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат казматы кабарлады. Уулангандардын арасында сегиз жаштагы бала бар. Төртөө тең Жайыл райондук ооруканасына жеткирилип, дарылангандан кийин сакайып үйүнө кетишти. Окуя 3-апрелде болгону айтылууда.

Кар көчкү коркунучуна байланыштуу Бишкек - Ош унаа жолу эртең мененки тогуздан түнкү 12ге чейин жабылып жатат. Жол ачылганча айрым жүргүнчүлөр күтүп калышууда. Аларга керек учурда медициналык жардам берүү үчүн Төө-Ашууда күнү-түнү тез жардам кызматы иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG