Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Сотторду тазалоо кыймылы: Жогорку соттун үч судьясы ант бере элек


Жогорку Соттун үч судьясы - Жакып Абдрахманов, Нурсейит Арапбаев жана Рапылбек Мураталиев Жогорку Кеңештин алдында судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырыш үчүн ант бере элегине байланыштуу өз нааразылыгын "Сотторду тазалоо" кыймылы билдирүүдө.

Аталган үч судья 2010-жылы ошол кездеги өлкө башчысы Роза Отунбаеванын жарлыгы менен дайындалган.

"Сотторду тазалоо" кыймылы тараткан билдирүүдө: "Баш прокуратура ушул судьялардын легитимдүүлүгү, алардын чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча көзөмөл жүргүзүп, Жогорку Кеңешке, Соттор кеңешине кайрылып мыйзамдуу чара көрбөгөнү өкүнүчтүү. Соттор ант берген күндөн баштап соттук коомдун мүчөсү болуп эсептелет деп даана жазылып турса да биздин сот бийлик жетекчилери бул мыйзамды көз жаздымда калтырып келишүүдө" деп айтылат.

Жогорку Соттун маалымат кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, аталган үч судья Убактылуу өкмөттүн буйругу менен, Сотторду тандоо кеңеши түзүлө электе дайындалган.

"Ал кездеги мыйзамдарда парламентке ант берүү каралган эмес. Ал судьяларды азыркы парламент шайлабагандыктан алар депутаттар алдында ант берген жок. Мындан тышкары, сотторду жаңы тартип боюнча тандап дайындоо иши дагы эле уланууда", - деп айтышты Жогорку Соттон. (RK)

XS
SM
MD
LG