Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

2010-жылдан бери 7-апрелде алган жараатынан 14 адам каза болду


Апрелдеги кандуу окуялар учурунда жабыркагандардын башын кошкон "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмунун маалыматы боюнча, ыңкылаптан кийинки эки жыл ичинде 14 адам алган жараатынан улам каза болду. Булардын баары атылган октун кесепетинен тыңый албай, жарыкчылык менен кош айтышкан.

Ал эми саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун билдиришинче, элдик толкундоолордо Ак үйдүн чатырынан атылган октон 88 адам набыт кетип, 1215 адам жабыркаган. Алардын 500дөн ашууну жарадар болуп, ооруканаларга түшкөн.

Элге ок атууну уюштургандар жоопкерчиликке тартыла элек. Бул окуя боюнча 2010-жылдын ноябрь айында башталган сот жараяны ушул күнгө чейин уланып келүүдө. Жараянда мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылып, алардын алтоо качып жүрөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG