Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Депутат сотко берген журналисти колдогон топ түзүлдү


Интернеттеги “Фейсбук” социалдык тармагында депутат Ирина Карамушкина менен соттошуп жаткан 24.kg агенттигинин журналистти Махинур Ниязовага колдоо көрсөтүү максатында атайын топ түзүлдү. Ага кеминде 160тан ашык жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ЖМКлар менен иш алып барган уюмдардын кызматкерлери катталды. Топтогу журналисттер аталган соттук иштин күңгөй-тескейлерин талкууга алууда.

Февраль айынын акырында депутаттын кызматтык унаасынын айдоочусу мас абалында эки кишини коюп кетип, андан бир адам каза болгон. 24.kg агентигинин журналисти Махинура Ниязова унаанын ичинде депутаттын өзү да мас абалында болгонун Ички иштер министрлигиндеги жеке булактарына таянып жазып чыккан. Ирина Карамушкина бул маалыматты четке кагып, өзү жөнүндө жалган сөз таратты деп журналисти сотко берген. Депутат моралдык компенсация катары агенттиктен 5 миллион сом өндүрүүнү талап кылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG