Линктер

ишемби, 25-февраль, 2017 Бишкек убактысы 04:44

Британ ИИМнин интернет сайтына хакерлер чабуул койду


Ишембиде британ Ички иштер министрлигинин интернет сайты Anonymous деген эл аралык хакерлер тобунун чабуулуна кабылып, үзгүлтүккө учурады.

4-апрелде Twitter желесинде Anonymous тобу министрликтин иш-пландарына каршылык иретинде чабуул даярдалып жатканын кабарлаган. Британ жетекчилери жакынкы учурда электрондук байланыштын коопсуздугун күчөтүү максатында атайын мыйзамдык чараларды көрө тургандыгы хакердик топтордун кыжырдануусун жаратууда. Британ Ички иштер министрлигинин сайты бир нече саатан кийин гана кайра ишке кирип, үзүл-кезил режимде иштеп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG