Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүчү кызматкерлер тандалат


Бүгүн Бишкекте Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерин тандоо боюнча сынак башталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө. Сынак Бишкектеги Юридикалык академиянын имаратында өткөрүлүп, 12-апрелге чейин созулат. Коррупцияга каршы күрөшүүчү бул органда иштөөнү каалагандар үчүн салык маселелери, жарандык жана ишкердик укук, кылмыш кодекси, бажы укугу боюнча 600дөн ашык суроо даярдалды. Март айында Каржы полициясы жоюлуп анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ачылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG