Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Бүгүн Астанада кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү өтөт


Бүгүн вице-премьер-министр Аалы Карашев баштаган жумушчу топ Казакстандын Астана шаарында кыргыз-казак сүйлөшүүлөрүн өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүдө. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары феврал айында жетишкен макулдашууларды аткаруу жолдору талкууга алынат. Мындан тышкары эки мамлекеттин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын май айында өткөрүү пландалууда. Маалыматка ылайык, бул сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу инвестициялык кор ачуу, электр энергиясы менен жаратылыш газды экспорттоо, чек ара бекеттерин ачуу маселелери талкууланат. (KKs)

XS
SM
MD
LG