Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Апрел окуясы боюнча сотко айрым жабыркагандар келген жок


Апрел окуясы боюнча сотто сурала турган айрым жабыркагандар келбей калганына байланыштуу сот жыйыны бүгүн да болгон жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" жабырлануучу тараптын коомдук жактоочусу Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, жараат алган 306 киши 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуя боюнча жабырлануучу аталган. Алардын 230дан ашууну көрсөтмөлөрүн берди. Дагы алтымыштай киши көрсөтмө бере элек. Бүгүн ошолор суралмак. Бирок айрымдары сот бүгүн болоорун укпай калышкан, кээ бирлери Кыргызстандан чыгып кетишкен.

Жамансариевдин билдиргенине караганда, күбө катары өтүп жаткан 117 кишинин 105и көрсөтмөсүн берген, 11и сотко келе албай турганын билдирген. Каза болгондор тараптан 77 киши суралган. Мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 киши соттолууда. Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу алар сыртынан соттолуп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG