Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Түштүк Осетия: шайлоодо экс-КГБчы жеңди


Түштүк Осетиянын коопсуздук кызматынын мурдакы башчысы Леонид Тибилов президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды. Жекшемби күнкү кайра шайлоодо Тибиловду добуштардын 54 процентин, атаандашы, акыйкатчы Давид Санакоев 43 процентке жакын добуш алган. Оппозиция лидери Алла Жиоеванын ноябрда болгон президенттик шайлоодогу жеңишин Жогорку Сот жокко чыгарган жана Жигоеваны кайра шайлоого катыштырбай койгон. Түштүк Осетия 1990-жылдардын башында өзүн Грузиядан төбөлсүз деп жарыялаган. 2008-жылкы Грузия-Россия согушунан кийин Москва Түштүк Осетияны эрктүү республика деп тааныган. Бирок өпчүлүк өлкөлөр Түштүк Осетияны дале Грузиянын бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG