Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Жарандык бирикме Карамушкинага кайрылды


"Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмеси 24.kg маалымат агенттигинин кабарчысы Махинур Ниязованы сотко берген Жогорку Кеңеш депутаты Ирина Карамушкинага кайрылуу жолдоду. Жарандык коом өкүлдөрү депутатты ортодогу талаш маселени сот аркылуу эмес, тынч жол менен чечүүгө чакырышты. Талаш маалыматты чагылдыруу боюнча журналисттик этиканын жана мыйзамдын баардык талаптары Ниязова тараптан да, агенттик тараптан да сакталганы айтылды.

"Айрым күчтөр өзүнө жакпаган маалымат агенттигин Сиз аркылуу алсыздатып койгусу келип жаткандай шек жаралууда", - дешти жарандык активисттер.

Феврал айынын акырында депутаттын кызматтык унаасынын айдоочусу мас абалында эки кишини коюп кетип, андан бир адам каза болгон. 24.kg агентигинин журналисти Махинур Ниязова унаанын ичинде депутаттын өзү да мас абалында болгонун Ички иштер министрлигиндеги жеке булактарына таянып жазып чыккан. Ирина Карамушкина бул маалыматты четке кагып, өзү жөнүндө жалган сөз таратты деп журналисти сотко берген. Депутат моралдык компенсация катары агенттиктен беш миллион сом өндүрүүнү талап кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG