Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Македонияда тарсалар иконага кезек күтүүдө


Жүздөгөн тарса диниятчылар Скопьедеги Ыйык Дмитрий чиркөөсүндөгү күтүүсүздөн нурланган иконду көргөнү кезек күтүүдө. “Икондун ортолук бөлүгү жекшемби күнү алтын нур бөлүп, жаркырай баштады”, - дейт чиркөөнүн диниятчысы Димче Малинов.

Франсс пресстин кабарчысы да иконду карап турганда, ал ак нур бөлгөнүн көргөн. Македониянын ортодокс чиркөөсүнүн башчысы, архиепископ Стефан да Ыйык Дмитрий чиркөөсүндөгү табышмактуу кубулушту келип көрдү, бирок эч кандай комментарий жасабады. Македониянын 2 миллион чамалуу калкынын 80 проценти православ христиандары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG