Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Түркия премьери 27 жылдан соң Бээжинге келди


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Бээжинге келер замат Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао менен кездешти. “Биздин жалпы максатыбыз - Кытай жана Түркия арасындагы достукту бекемдөө жана кызматташууну чыңдоо”, - деди Вэн кездешүүдө. Эрдоган акыркы 27 жылда Кытайга барган Түркиянын биринчи өкмөт башчысы. Аны менен кошо Кытайдын Түркияга инвестиция салганды көбөйтүүсүн жана Кытайга экспортту кеңейтүүнү көздөгөн 300 бизнесмен да жүрөт. Эрдоган жекшемби күнү оболу Кытайдын батыш провинциясы - Синзянга барды.

Анкара мурда Бээжинди региондогу уйгурлардын анти-өкмөттүк чыгууларын айоосуз басты деп катуу сындаган.

XS
SM
MD
LG