Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Оштогу шайлоонун жыйынтыгы Жогорку Сотто каралат


Бүгүн Жогорку Сотто Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча маселе териштирилет. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Оштогу жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын бекиткен БШКнын токтомун жокко чыгарууну талап кылууда. Буга себеп катары “токтом мыйзам бузуулар менен кабыл алынган” деген жүйөө айтылууда. Уюмдун маалыматына ылайык, буга чейин токтомду жокко чыгаруу өтүнүчүн Бишкектеги Биринчи май райондук соту четке каккан болчу.

Соттук териштирүү уланып жаткандыктан Ош шаардык кеңешинин депутаттарына мандат бериле элек. БШК бекиткен жыйынтыкка ылайык,шаардагы 45 депутаттык орундун 21и Ош мэри Мелис Мырзакматовго таандык делген «Улуттар биримдиги» партиясына, 11и социал-демократтарга, сегизи "Республика" жана экөө "Адилеттүү Кыргызстан" партияларына тийген. "Ата Мекен", "Замандаш-Современник" жана Элдик-демократиялык партиялар бирден мандатка ээ болгон. «Улуттар биримдиги» партиясы "23 депутаттык орунга ээ болмокпуз" деп нааразылык билдирип келет. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG