Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Москвада “Ак Дума” акциясы өтөт


“Ак Дума. Путинге суроо беребиз” деп аталган акция эртеңки күнгө белгиленгендигин оппозициячыл “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцов маалымдады. Акциянын катышуучулары Путиндин Мамдумага келээрин утурлап чыгып жатышат. Эртең Владимир Путин премьер-министр кезиндеги ишинин жыйынтыгы боюнча парламентте сөз сүйлөйт. Оппозиция тарапкерлери бул күнү колдоруна ак тасмаларды байлашып, кол кармашып алып Мамдуманы тегеренип Путинди күтүшөт. Алар Путинден “Орусияда качан таза жана эркин шайлоодон жеңип чыккан легитимдүү бийлик болот” деп сураганга камынууда.

XS
SM
MD
LG