Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Жалал-Абадда оппозициянын тынч митинги башталды


Жалал-Абад шаарында оппозициянын тынч митинги башталды. Митингди облус губернатору Азизбек Турсунбаев ачып, тынч митингди кубаттаарын, чечүүнү талап кылган маселелерди талкуулоого даяр экенин, губернатордун эшиги бул үчүн ар дайым ачык экенин айтты.

Митингге оппозиция лидерлери - "Ата-Журт" партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев, депутаты Садыр Жапаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын башчысы Адахан Мадумаров, "Ар-Намыс" партиясынан Бөдөш Мамырова, Жалал-Абаддын мурдагы губернатору, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышууда.

Митингдин алып баруучусунун айтымында, бүгүнкү нааразылык акцияга Ош, Жалал-Абад, Баткен, Бишкек, Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Нарындан да өкүлдөр катышып жатышат.

Элдин саны боюнча түрдүү маалымат айтылууда. Митингчилер өзүлөрү 12 миңден ашты десе, милиция 4,5 миң, ал эми көз каранды эмес байкоочулар 6-7 миң адам деп айтып жатышат.

Оппозиция жаңы өкмөт куроо, конституциялык реформаларга шарт түзүү, 2010-жылдагы апрел-июн окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазалоо талаптарын коюп келатат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG