Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Сот Суталиновго коюлган айыптарды угузду


Бүгүн апрел окуясы боюнча сотто судья соттолуучу Мурат Суталиновго коюлуп жаткан айыптарды угузду. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, адам өлтүрүүгө катышкан, аскердик бөлүктү таштап кеткен деп айыпталып жатат. Суталинов айрым айыптоолор ал үчүн түшүнүксүз болуп жатканын айтып, адам өлтүрүү боюнча айып негизсиз экенин, ага макул эмесин айтты.

Суталинов азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта. Ал жакка Суталинов кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген айып менен былтыр декабрда камалган.

2010-жылдын апрел окуясынын күнөөкөрү катары Суталинов издөөдө жүрүп, кийин өзү келгенде алгач камакка алынган. Бирок ошол эле күнү адвокатынын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган болчу. Чек араны мыйзам бузуп өттү деген айып ага кийин тагылды.

Апрел окуясы боюнча сотто токсонго жакын митингчинин өлүмү боюнча 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент Курманбек Бакиев өлкөдө жок болгондуктан сыртынан соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG