Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Польшада бүгүн эки жыл мурдагы трагедиялуу кырсыктын курмандыктарын эскерип жатышат


2010-жылдын 10-апрелинде Орусиянын Смоленск шаарынан асманга көтөрүлгөн учак токойго кулап түшүп, андагы 96 адам (алардын ичинде президент Лех Качински да) набыт болгон.

Эки жыл мурдагы кырсыктын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары бүгүн бир нече жерде өттү. Кырсыктын курмандыктарына Ак Үйдө президент Бронислав Коморовски гүлчамбарын койду. Ак Үйдүн башка бир тарабында мурдагы президенттин бир тууганы, оппозициялык партиянын лидери Ярослав Качински өзүнүн тарапкерлерин чогултуп, курмандыктарды эскерди.

Кечээ эле оппозициянын өкүлдөрү ал кырсык жөндөн жөн болбогонун, президенттин учагы чабуулга кабылган деп билээрин айтып, Варшавада орус элчилигинин маңдайында пикетке чыгышкан эле. Бүгүн эскерүү иш-чаралары Смоленск шаарында да өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG