Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Кремль ачка отургандарды укчудай эмес


24 күндөн бери наар албай отурган Олег Шеин жактоочулары арасында. 10-апрель, Астрахан
24 күндөн бери наар албай отурган Олег Шеин жактоочулары арасында. 10-апрель, Астрахан

Астрахандагы шаар башчысын шайлоо боюнча өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган ачкачылык жараяны 24 күндөн бери уланууда.

Аларды колдогон пикеттер 9-10-апрель күндөрү Москвада өттү. Алар эң алды Астрахан облус губернатору Жилкиндин ачкачылык кармагандар менен жолугушуусун каалашат. Бүгүн Астраханда да 1,5 миңдей адам шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, митингге чыкты.

Астрахандагы мөөнөтсүз ачкачылык акциясы 24 күн мурда башталган. 16-мартта 12 адам саясий талап менен тамак ичпей отурса, азыр 22 адам болду. Аларды жактап Москвадагы “Эркин пресса” басылмасынын алдында алты киши ачкачылык кармоодо.

Астрахандагы жараянды “шаар калкы мени мэр шайлады” деген Олег Шеин жана анын тарапкери өткөрүүдө. Алар 4-мартта шайлооканалардын теңинен көбүндө добуштар башкаруучу "Бирдиктүү Орусия” партиясынын өкүлү Михаил Столяровго кошулуп жазылды дешет. Расмий маалымат боюнча, Столяровду шайлоого катышкан адамдардын 60 проценти, ал эми "Адилет Орусия" партиясынын өкүлү Олег Шеинди 30 процентке жакыны колдогон.

Полиция кызматкерлери ачкачылык акциясын колдоочулар менен өкмөтчүлөр арасын кол кармаша бөгөөдө. 10-апрель, Астрахан
Полиция кызматкерлери ачкачылык акциясын колдоочулар менен өкмөтчүлөр арасын кол кармаша бөгөөдө. 10-апрель, Астрахан
10-апрелде Москвадагы Астрахан облус өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын алдына пикетте турган жалгыз-жарым адамдарга эч ким чыкпады. Алар “Астраханда адамдар өлүүдө. Путин жана Жилкин, силер жооп бересиңер!” “Сүйлөшүүнү баштагыла!” деген чакырык жазылган плакаттарды кармап турушту.

Жилкин - Астрахан облусунун губернатору.

9-апрелде Астрахан облус өкүлчүлүгүнүн алдына жүздөн ашуун адам чогулган. Акцияны “Солчул фронт” уюштурган. Анын лидери Сергей Удальцов журналисттерге кайрылып, бийлик Астрахандагы шайлоо кезиндеги мыйзамсыздыктарды, добуштарды бурмалоолорду текшерүү үчүн төрт жумадан бери эч кандай чара көрбөй жатканын баса белгиледи:

- Бийлик эмне үчүн төрт жумадан бери оозун ачпайт? Коомчулуктун жана “Добуш берүүчүлөр лигасынын” өкүлдөрү Астраханга эбак барышкан. Бирок эч кандай расмий реакция жок. Бийлик жымжырт же эч нерсе болбогондой түр көрсөтүүдө.

Астраханда 23 күн бою тамак ичпей отурган адамдарга Кремлдин көңүлүн бурдуруу максатында дүйшөмбү күнү Кызыл аянтка Мамдуманын депутаттары Илья Пономарев жана Дмитрий Гудков чыгышты. Алар “Гарант, Конституцияны корго, Олег Шеинди корго”, “Астрахандын мэринин кайра шайлануусун талап кылабыз!” деген ураан кармап турушту.

10-апрелде Астрахандын өзүндө да 1,5 миңдей адам демонстрацияга чыкты. Алар ачкачылык кармап отурган 22 адамга тилектештигин билдирип, 2-марттагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Жарыша эле шаар бийликтери менен кесиптик кошуундар уюштурган альтернативдүү митинг болду. Эки тарап сүр-сүргө чейин барды. Мушташ чыгып кетпес үчүн каршылаш тараптарды теректей тизилген полиция ажыратып турду.

Орусиялыктар арасында бийликтердин добуштарды бурмалоосуна кыжырдануулар былтыркы парламенттик шайлоодон кийин кеңири жайылган көрүнүшкө айланды.

XS
SM
MD
LG