Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

БУУ Дамаскты “тынчтык планын” аткарууга чакырды


Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Сирия бийлигин БУУнун жана Араб өлкөлөрүнүн атайын чабарманы Кофи Аннан тарабынан сунушталган согушту токтотуу боюнча тынчтык планын тез арада аткарууга үндөдү. Дамаск кабыл алган тынчтык планы боюнча 10-апрелден тарта бийлик согуштук аймактардан аскерлерин жана согуштук оор куралдарын алып чыгып кетиши керек эле. Бирок өкмөттүк аскерлер оппозициянын очогу саналган Хомс жана Хама шаарларынын айрым райондорунда аткылоону дале улантууда.

БУУнун коопсуздук кеңеши Сирия бийлиги айткан убадаларын аткарбай койгонуна катуу тынчсыздануу билдирди. Чабарман Кофи Аннан бир аз мурдараак Дамаск тынчтык планын аткарат деген үмүтү бар экенин айтып, бийликтерди чукул убакыт ичинде “курсун толук өзгөртүүгө” чакырды. Кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын тышкы иштер министри Вилид Муаллем менен Москвада жолугушуп, Сирия оппозициясы дагы бийликке “куралдуу тиш кайроосун” токтотушу керек деген эле.

XS
SM
MD
LG