Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Орусиядан келген кара май баасы көтөрүлүүдө


Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордон Кыргызстанга келген күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп жатат. Жыл башынан бери дизелдик отундун бир тоннасы 167 долларга, бензин кеминде 80 долларга кымбаттады. 1-апрелден тарта карамай баасы дагы көтөрүлүп, кымбатыраак күйүүчү май Кыргызстанга 12-апрелден кийин келе баштайт.

“Абдан, кескин түрдө кымбаттап жатат. Биринчиден, мунай кымбаттады. Экинчиден, Орусиянын өзүндө дизелдик отун катуу тартыш болууда. Алар өздөрүндө төмөнүрөөк баада берип, башка жакка бажы төлөмдөрү жок болсо да, кымбатыраак баада өткөрүп жатышат”,-деди Акенеев.

Бирок Нефтетрейдерлер бирикмеси Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кескин түрдө көтөрүлбөйт деп билдирүүдө. Ушул тапта дизелдик отун Кыргызстандын түндүгүндө 39 сом болсо, түштүк облустарда 40 сомдун тегерегинде. (KKs)

XS
SM
MD
LG