Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Колхоздошуу маалындагы көчмөн кыргыздар жөнүндө сүрөт көргөзмө өтөт


Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде өткөн кылымдын 30-жылдарындагы көчмөн кыргыздардын турмушу жөнүндө фото жана кол менен тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтөт. Анда XX кылымдын көрүнүктүү саякатчыларынын бири Элла Майярдын тарткан сүрөттөрү коюлат.

Элла Майяр - 30-жылдары колхоздошо баштаган кыргыз жерин кыдырган европалык биринчи аял саякатчы, фотожурналист. Майярдын “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга” аттуу китеби француз тилинен кыргызчага 80 жылдан кийин которулду.

Көргөзмөнү уюштуруп жаткан “Памир көпүрөлөрү” коомдук фондунун Кыргызстандагы өкүлү Ишемби Оболбековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Майяр Кыргызстанга чейин Москвада алты айдай болуп, Кавказ тоолорун кыдырган.

"Бул жакка келүүнү менимче Кавказдан чечет. “Орто Азия тараптан мага чакырык келди” деп айтат. Китебинде да жазылган, эч кимге баш ийбеген канча кылымдардан бери эркин, көчмөн жүргөн эл кантип Совет өкмөтүнө макул болуп, ошолордун колхоздоштуруу, отурукташуу дегенинен кантип кирип атат деп кызыккан", - дейт Оболбеков.

Көргөзмө 13-апрелде ачылат.(BuS/RK)

XS
SM
MD
LG