Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Тажикстан: Чоң-Алайдагы төрт жайлоо бизге өткөн эмес


Кыргызстандын Чоң-Алайындагы төрт жайлоо тажик тарапка өткөн эмес. Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аталган участокто талаш жерлер көп. Чек араны тактоо иши дагы эле жүрүп жатат. Андыктан, ал жерлер Тажикстанга өтүп кетти деген сөздөр негизсиз”, - дейт тажик чек арачыларынын маалымат катчысы Хушнуд Рахматуллаев.

Жарым кылымдан бери кой багып келаткан Абдималик Насиров азыр өз жайытына өзү эгедер эмес экенин “Азаттыкка” айткан. Ал Карамык айылындагылар жайлаган Унжу-Булак жайлоосу учурда толугу менен коңшу Тажикстан өлкөсүнө өтүп кетти деген:

- Мындан ары дагы 7 км жерге чейин биздин жер болуп турган. 50 жыл мал баксам, ошончо жыл ушул Унжу-Булакка чыгып жүрөм. Балалык чагым деле ошол жерде өткөн. Азыр эми тажиктин аскерлери ээлеп, өзүмдүкү кылып алышкан. Өткөн жылы эле кымыздык, чүкүрү жейин деп барсам, аскерлер мылтыгы менен кууп, араң качып кутулдум. Асманга ок аткан боюнча калышкан. Анан ошол жердеги 2 кыргыз баланы кармап кетишкен. Аларды эмне кылышты билбей деле калдым.

Чоң-Алайдын Жекенди айыл округунун жайыт комитетинин башчысы Акунбек Идирисов округда жалпысынан 36 миң гектардай жайыт бар экенин, анын ичинен Унжу-Булак, Караганды-Сай, Шаты жана Көлдүк жайлоолору, жалпысынан 3 миң гектар жер Тажикстанга өтүп кеткенин айткан болчу. (RK/ErN)

XS
SM
MD
LG