Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Түштүк Кореяда башкаруучу партия шайлоодон утту


Бийликтин “Сэнури” партиясы парламенттик шайлоодо 300 орундун 152син камсыз кыла алды. Бул партиянын лидери, өлкө президенти Ли Мён Бак шайлоочулардын “кеменгерлик” тандоосуна ыраазычылык билдирди. Оппозициялык бириккен демократиялык партиянын жетекчилиги өз колдоочуларынан кечирим сурап, шайлоо күтүлбөгөн жыйынтык бергенин айтты. Шайлоо өнөктүгүнүн алдында талдоочулар оппозициялык партия жеңишке жетет деген ишенимдүү жоромолдорду айтышкан болчу. Ушул жылдын декабрь айында Түштүк Кореяда президенттик шайлоо өтөт, анда негизги талапкер катары азыркы президент Ли Мён Бактын аты аталууда.

XS
SM
MD
LG