Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Дыйкандарга арзан кредит үчүн өкмөт дагы 100 миллион сом бөлдү


Өкмөт дыйкандарга арзан кредит үчүн дагы 100 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева билдирди. Анын айтымында, бүгүнтөн баштап бул акча Айыл-банк жана РСК-банк аркылуу элге таратыла баштайт.

Расмий маалымат боюнча, соңку үч айдан бери дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилген кредиттин жалпы өлчөмү 639 миллион сомду түздү. Анын 245 миллиондон ашыгы жер иштетүүгө, калганы мал чарбасына жумшалууда.

Арзан кредит дыйкандарга үстөгү 7 пайыздан берилип жатат, коммерциялык банктарда кредиттин үстөк чени 20-30 пайыздын тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG