Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Орусия элчилигинин алдында улутчулдукка каршы пикет өтүүдө


Ушу тапта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өтүүдө. Анын уюштуруучусу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ал Орусиядагы кыргыз мигранттарына карата зомбулук болуп жатканына нааразы.

"Екатеринбургда соңку күндөрү жырткычтык менен өлтүрүлгөн кыргыз балдарды жоктоп үн чыгардым, гүл койдум", - дейт Токтонасыров.

Пикетчи орус бийлигин Орусиядагы улутчулдукту тыйууга чакырып жатат.

Өткөн аптада Екатеринбургда эки кыргыз мигрант жигит өлтүрүлгөн. Алардын биринин денесине 93 жолу бычак сайылганы айтылган. Айрым маалымат булактары бул кылмыштарды скинхеддер, улутчулдар жасады деп жазып чыгышкан, бирок андай пикирге азырынча расмий далил жок экенин Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Гүлнур Нарматова "Азаттыкка" айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG