Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Сирия: Аннандын планы аткарылган алгачкы жышаан


Сирия армиясы жана оппозиция тынчтык планынын шартына ылайык, бейшембинин таңынан тарта ок атууларды токтотту.

Сириядагы адам укугунун абалына көз салчу уюмдун билдиришинче, “бардык аймактарда абал тынч. Забадани региону менен Дамасктын чет жактарында гана анда-санда жардыруулардын үнү угулат”. Бирок баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюмдун башчысы Рами Абдел Рахмандын айтышынча, анын мекемеси көтөрүлүшчүл аймактардан өкмөттүк аскерлердин чыкканын байкаша элек.

БУУнун жана Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннандын демилеси менен тынчтык планынын шартына ылайык, армия жана танктар бир жылдан бери президент Асаддын режимине каршылык көрсөтүп жаткан аймактардан чыгып кетиши керек.

Былтыртан берки кагылыштарда, БУУнун эсебинче, 9 миңден ашуун адамдын өмүрүнө зобун келтирилген. Апта бою катуу аткылашуулар болгондуктан ушуну менен уруш токтойт деген ишенич аз. Түрдүү булактардын маалыматына караганда, 11-апрелде эле кеминде 30 киши окко учкан.

Хусейн Касиф - Түркиядагы Яйладагы качкындар лагеринде жашайт. Ал өкмөттүк күчтөрдүн зулумдугунан коркуп, Түркияга өтө качкан сириялык 25 миң качкындын бири.

“Асаддын сөзү түшүнүксүз, - дейт Хусейн Касиф. - Ок атышпоо көпкө созулбайт. Асад бир жыл мурда эле ок атышуу токтойт деп сөз берген. Ал не аскерлерди, не танктарды чыгарып кетет деп ойлобойм. Ал калп айтат. Ал кыргынды токтотом дегенде, адамдарды мурдагыдан көп өлтүрөт.”

Башар Асаддын өкмөтү 11-апрелде аскерлер урушту токтотконун билдирип, лекин, армия козголоңдун артында турган террорчулардан өзүн коргоого акылуу экенин эскертти.

Козголоңчулардын Эркин Сирия армиясы да ок атышпоонун шартын сактаарын билдирди. Ошол эле учурда оппозициячыл Сирия улуттук кеңеши элди Башар Асадын президенттиктен кетүүсүн талап кылган демонстранцияга чыгууга чакырды. “Тынчтык планындагы маанилүү берене - жарандардын демонстрация өткөрүү укугу”, - дейт Кеңештин төрагасы Бурхан Галиу Франсс Пресс агенттигине.

Кофи Аннандын планына жараша ок атышуулар токтотулган соң көтөрүлүш жүргөн шаарларга байкоочулар киргизилип, Асаддын өкмөтү менен оппозиция саясий кырдаалды жөндөө боюнча сүйлөшүүгө отуруш шарт.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Сириянын ок атууларды токтотуусун жактады жана Асаддын режимин "Аннандын арачылык аракеттерин колдоо жана аны менен кызматташуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасаганга" чакырды. Расмий Бээжин оппозицияны да келишимдин шартын сыйлоого жана кризисти саясий жол менен жөндөөгө үндөдү.

Кытай жана Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы кандуу булоонду айыптаган резолюциясына эки жолу каршы чыгып, өткөрбөй койгон. Бирок Кытай да, Орусия да Кофи Аннандын миссиясын колдоодо.

Аннан бүгүн Коопсуздук кеңешине Сириядагы кырдаал боюнча маалымат берет.

XS
SM
MD
LG