Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Сирия: кырдаалды эл аралык байкоочулар иликтейт


БУУнун коопсуздук кеңеши жакынкы убакытта Сирияга тынчтык орнотуу боюнча резолюциянын долбооруна кошумча киргизип, аймактагы атышууларды көзөмөлдөш үчүн эл аралык байкоочуларды жиберет. Байкоочуларды жайгаштыруу миссиясы эл аралык атайын чабарман Кофи Аннандын Сирия бийлиги менен макулдашкан тынчтык планынын бир бөлүгү. Кофи Аннан кечээ Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп, Сирия бийлиги жарашуу планындагы пункттарды толук аткарбай жатканын айтты. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы кырдаал бир аз болсо да басаңдаганын билдирип, бирок айткан убадаларын аткарбай келчү президент Башар ал-Асаддын тушунда баары бир чоң коркунуч кала берээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG