Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Бишкек: Жер маселесин чечүүнү талап кылгандар жол тосушту


Бишкектин түндүк-чыгыш тарабындагы "Дордой" базарынын тегерегинде жайгашкан жаңы конуштардын айрым тургундары бүгүн нааразылык акцияга чыгышты. Ушу тапта эки жүздөй киши ошол жактагы негизги унаа жолун тосуп турушат. Акцияга милиция кызматкерлери көз салышууда.

Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, жол тоскондор алардын жерге болгон укуктарын бекемдеген документ берилишин шаар жетекчилигинен талап кылып жатышат. Мындай талап 2006-жылдан бери коюлуп келатканы, учурунда бул жер участокторун алар басып алуу жолу менен алгандары айтылууда. Нааразылык акциясын уюштургандардын айтымында, алар басып алган жерлерге шаар мэриясы уруксат берип, тиешелүү токтомун чыгарган. Бирок али күнчө ар бир участокко ээлик кылуучу документтер берилбей келет.

Жол тоскондордун арасында Алтын-Казык, Калыс-Ордо, Ак-Бата жана Мурас жаңы конуштарынын өкүлдөрү бар экени айтылууда. (MiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG