Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Жалал-Абадда террорчулукка каршы машыгуу өтүп жатат


Жалал-Абадда командалык-штабдык машыгуу өтүп жатат. Атайын мурда пландалган боюнча шарттуу түрдө террорчу делгендердин аракетине бөгөт коюу көнүгүүлөрү жасалууда. Машыгууну Улуттук коопсуздук комитетинин облустук башкармасы өткөрдү. Ага милиция, чек арачылар, өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер, прокуратура, саламаттык сактоо, өрт өчүрүү кызматтарынын кызматкерлери катышып жатышат. Машыгууга улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук борбору байкоо жүргүзүп жатат. (YA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG