Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Парламенттин кыскартылган кызматкерлери акыйкатчыга кайрылды


Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын кыскартылган кызматкерлери укугу тебеленгенин айтып акыйкатчыга кайрылды. Акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлагандай, аларды жумуштан бошотууда мыйзамдар бузулганын, ордуна жаңы жетекчиликтин тааныш-жердештери алынып жатканын айтышты. Арыздангандардын айтымында, кыскартылган 109 кызматкердин 26сы гана иштен кетирүүгө макул экенин билдирген.

Парламенттин аппаратынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу ишинин алкагында чынында эле кыскартуу болгон. Бирок бул процесс депутаттардын катышуусунда түзүлгөн комиссиянын чечими менен, мыйзам чегинде жасалган. (RK)

XS
SM
MD
LG