Бүгүн Бишкекте Маңзаттарга көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматтын жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Анын ичинде ок атуу боюнча машыга турган атайын жай да ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин маалымат катчысы Назира Сарыбаева билдирди. Курулуш иштерине Орусия өкмөтү жардам бермей болууда. Имараттын пайдубалын түптөө салтанатына Орусиянын Маңзаттарга көзөмөл мекемесинин жетекчиси Виктор Иванов өзү катышты. Ал мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен да жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. (RK)