Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

ӨКМ: Табигый кырсык жагынан кооптуу делген 2131 жер бар


Кыргызстандын аймагында табигый кырсык жагынан кооптуу делген 2131 участок бар. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын отурумунда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, 486 жерде көчкү жүрүшү ыктымал, дагы 1645 жерде сел, суу ташкындары жана жээк эрозиясы болушу мүмкүн.

Министрдин айтымында, кырсыктардын алдын алуу жагынан тиешелү иш-аракеттер жасалууда, жергиликтүү тургундардын жана бийликтердин да бул ишке активдүү катышуусу зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG