Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Бишкекте Милиция академиясынын курсанты сабалганы айтылууда


Милиция академиясынын 5-курста окуп жаткан курсанты, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүндө практика өтүп жаткан Тагай Мурзалиев аны УКМКнын кызматкерлери сабаганын айтууда.

Ал азыр оор абалда ооруканада жатат. Ал эми УКМК анын маңзат сатууга байланышы бар экендигин, аны кармоо учурунда каршылык көрсөткөнүн билдирүүдө.

Мурзалиев Улуттук госпиталдын нейротрамватология бөлүмүнө жаткырылып, ооруканадан дарыгерлер анын айрылып кеткен башын тигишкен.

Улуттук коопсуздук комитети билдиргенине караганда, Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн төрт кызматкерине маңзат сатууга аралашуу жана кызматынан кыянат пайдалануу боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иш козголгон. Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Нурлан Токталиев алардын арасында курсант Мурзалиев да болгонун айтты. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG