Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Тажикстандын Согди облусунда тажик-өзбек күч органдарынын сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат


Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, ушул күндөрү жумурияттын түндүгүндө эки өлкөнүн күч структуралары чек ара маселелерин талкуулашууда.

Ал арада Согди облусундагы Матчи районунун тургуну Рахим Рахимов “Азаттыктын” тажик редакциясына телефондон билдиргендей, Өзбекстан тараптагы чек арадагы Сардоб деген жерде аскерлер менен аскерий техника топтолгону байкалат.

"Биз, адатта, Өзбекстан менен чектеш жердеги каналдын боюна мал айдайбыз. Азыр алардын коргонуу техникалары топтолуп калганы көрүнүп жатат, - деди окуяга күбө болгон тургун. - Мен өзүм алардын БТР, танкаларын, “Хаммер” пулеметторун, автоматчандарын көрдүм".

Анткен менен Тажикстандын Чек ара күчтөрүнүн башкармалыгы бул малыматты “Азаттыкка” ырастаган жок. Тажикстандын Согди облусунун Матчи району Өзбекстандын Бекабад облусу менен чектешет. (td)

XS
SM
MD
LG