Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Сирияда кайрадан ок атышуу болду


Сирияда бейшембиде ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу күчүнө киргенден кийин куралдуу кагылышуу болду. France-Pressе агенттиги билдиргендей, ат атышуу Түркия менен чектеш Хирбет ал-Жоз шаарында болду.

Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши кийинки жуманын башында Сирияга 20-30 куралсыз байкоочуларды жиберүү жөнүндө резолюциянын долбоорун карайт. БУУнун миссиясы тынчтык мунасага келүү планын ишке ашыруу, ок атышууларды токтотууга байкоо салат. Резолюциянын долбоорун Кошмо Штаттар даярдап сунуштады. Эл аралык миссиянын келүүсүнө сириялык бийликтер макулдугун берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG