Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Бейөкмөт уюмдар Таластагы окуяга кабатыр


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы 12-апрелде Таластагы митингдин күч менен үзгүлтүккө учурашына кабатырлануусун билдирди.

Коалициянын өкүлдөрү 12-апрелде облустун маанилүү көйгөйлөрүн чечүүнү көздөгөн Таласта уюштурулган тынчтык митингдин сүрмө топтун каршылыгына кабылып, үзгүлтүккө учурашы жарандардын тынч митинг өткөрүүгө болгон укугун бузду деп эсептешет.

Мындан улам “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы ИИМден бул окуяны кылдат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылууда.

12-апрелде Таласта “Кыргызстандын жаңы күчтөрү" уюмунун курултайы жергиликтүү калктын тоскоолдуктарынан улам үзгүлүккө учураган. Муну митингдин уюштуруучулары бийликтин чагымчыл аракети катары баалап жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG