Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Өкмөт оппозиция менен жолугууга мөөнөт белгиледи


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозициянын өкүлдөрү менен жолугууга мөөнөт аныктады. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, ар бир тараптан 5тен өкүл катыша турган бул жолугушуу 18-апрелге белгиленди.

Өкмөттүн мындай демилгесине оппозиция расмий жообун бере элек. Каназаровдун айтымында, кийинки аптадан тартып, тараптардын курамы боюнча сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн.

Буга чейин оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирген “Адилет келечек” саясий кыймылы өкмөт менен жолугушууга шартын койгон. Ага ылайык, өкмөт сунуштап жаткан жолугушуу сыналгы аркылуу түз ободо көрсөтүлүшү керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG