Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Ирандын ядролук программасы Стамбулда талкууланууда


Стамбулда Ирандын жана байдөөлөт алты өлкөнүн өкүлдөрүнүн кездешүүсү ачылды. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү плюс Германия, ошондой эле Иран катышкан жыйында Тегерандын талаштуу ядролук программасы талкууланууда. Батыш ядролук программа ядролук курал жасоого багытталган деп шектенет. Тегеран болсо уранды тынчтык максатында гана байытканын айтып келет.

Берегидей кооптонуудан улам АКШ жана Евробиримдик Иранга санкция жарыялаган. Иран ядролук программасы жөнүндө БУУга кеңири маалымат бербей койгондон кийин Евробиримдик быйыл жайдан тарта Ирандан кара майды сатып алганды токтотот. Талдоочулар 15 айдан берки токтоп туруп, кайра башталган сүйлөшүү тез эле ийгиликке жетерине ишенишпейт.

XS
SM
MD
LG