Голливуддун атактуу жылдыздары Брэд Питт жана Анжелина Жолли жети жыл чогуу жашагандан кийин үйлөнмөй болушту. Бул жөнүндө 13-апрелде Брэд Питтин менджери Синтия Петт-Данте маалымдады. Азырынча үйлөнүү тою качан өтөрү тактала элек.
Питт жана Жоли 2005-жылы “Mr. & Mrs. Smith” фильмине тартылып жүрүп, ымаласы ысык болуп кеткен. Атактуу жубайлар андан бери үч балалуу болушкан жана дагы үч баланы багып алышкан.