Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Македонияны этностук чатак кайра титиретүүдө


Жергиликтүү македондор менен албандар арасындагы чатак 13-апрелде баш калаа Скопьенин четиндеги мааледе кыянаттык менен өлтүрүлгөн беш адамдын жасаты табылганы жарыя кылынгандан кийин башталган. Полиция алардын төртөө жыйырма, бирөө кырк жаш куракта экенин билдирди. Кыжырданган македондор өлүк табылган аймактагы жолдорду бууп салгандан кийин, урушту болтурбоо үчүн ал жакка полиция жайгаштырылды. Ушул мааленин тургуну Виолета Митреска:

"Өткөн түнү трагедиялуу окуя болду: жигиттер өлдү. Мен алардын туугандарынын абалын түшүнөм. Эмне айтарымды да билбейм. Бул окуя македониялык македондор менен албандардын эриш аркак жашоосуна коркунуч туудурбаса деп тилейли",-дейт Ройтерстин кабарчысына.

Өткөн айда эле бычак-маки, темир казык, союлдар менен куралданган македон жана албан жаштары мушташып, Македония бир нече күн дүрбөлөңгө түшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG