Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

15-апрелге карата аба-ырайы


Шашылыш эскертүү

14-16-апрелде жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

14-16-апрелде Ысык-Көл облусунда 0...-2 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрүнө жана ачылган гүлдөрүнө коркунучу бар.

Аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24, Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 18...23, Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 18..23 градус болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24, Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5 градус, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 12...17,
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 11..16, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -8..-13, күндүз 0...5, тоолордо түнкүсүн -10...-15, ал эми күндүз -4..+1 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8 градус жылуу, күндүз 21...23 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG