Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Ош: Орусиялык офицердин жубайы уулун өлтүрдү деп шектелүүдө


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, 13-апрелде Ош шаарында Орусиянын жарандары ижара алып жашап жаткан үйдө төрт жашар баланын сөөгү табылган. Ушул эле үйдөн эки жашар кыз бычак жеп ооруканага түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү деп ошол балдардын энеси, орусиялык чек арачы офицердин аялы камакка алынды. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп тергөө уланууда. Соттук-психиатриалык экспертиза дайындалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG